Бишкекте троллейбус менен 3 жеңил унаа сүзүшкөн. Жабыркагандар жок

Автор -

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жол кырсыгы катталып, троллейбус менен 3 жеңил унаа сүзүштү. Шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча республикалык башкармалыктын маалымат кызматы азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

«Жол кырсыгы бүгүн, 11-декабрда болжол менен саат 15:00дө орун алган. Анда троллейбус менен 3 унаа сүзүшүп, материалдык чыгымдар келтирилген. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок»,
дешти маалымат кызматынан.
Бөлүшүү