Кыргызстандык аял 30 жылдан бери издеп жүргөн апасын тапты (видео)

Автор -

Орусиялык «Пусть говорят» берүүсүнүн бир чыгарылышын көрүп жатып, Нарын облусунун тургуну Мавлюда Тохтакунова 30 жылдан бери издеп жүргөн апасын тааныды.

2019-жылдын ноябрь айынын аягында «Пусть говорят» шоусунан Москва облусундагы токойлордун биринде жашаган 51 жаштагы Марина аттуу календер аялды көрсөтүшкөн. Аял 1988-жылы Арменияда болгон катуу жер титирөөдөн улам апасынан айрылып, жакшы жашоо издеп, ал өлкөдөн кеткенин, бирок 25 жылдан бери токойдо иттер менен жашап жатканын баяндаган.

Биринчи чыгарылышта Армениядагы туугандарын таап беришип, документ алууга жардам көрсөтмөй болушкан. Бирок бир нече күндөн кийин Марина кайра берүүгө чакырылган.

Бул жолу анын Кыргызстандагы туугандары табылган. Алардын айтымында, 1988-жылы Марина Кыргызстанда жашап, болочоктогу күйөөсү Бактияр Тохтакунов менен таанышкан. Анда Марина өзүн Азнив деп тааныштырган.

Бахтияр менен Азнив үйлөнүп, Мавлюда аттуу кыздуу болушкан. Бир жылдан кийин күйөөсүнүн кол көтөрүп жатканын айткан Азнив кызын кайненесине таштап, кетип калган. Ошондон бери аны эч ким көргөн эмес. Бахтияр болсо, он жыл мурун каза тапкан.

30 жылдан кийин жолуккан кызын апасы кандай кабыл алганы төмөнкү тасмада.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү