Ушул жылдын 9-декабрында Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын коомчулукка жар салган. Аны менен катар Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова дагы мындай процедурадан өтүүгө милдеттендирилгени белгилүү болгон. Бул кабар Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарында дагы, соцтармак колдонуучуларында дагы ар кандай нааразычылыктарды жараткан. Айрымдар Жогорку Кеңештин калган депутаттарын дагы бул экспертизадан өткөрүү керек дешсе, кээси азыркы бийликтин өзүн текшериш керектигин кыйытышкан.
«Марал» радиосу экс-президентке мындай өңүттөгү экспертизанын дайындалышы канчалык мыйзамдуу экени, анын моралдык тарабы тууралуу айрым адамдардын оюн уккан. КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева муну саясий оюн катары көрөт.
[ads-quote-center cite=’деди Жолдубаева.’]«9-декабрда УКМКнын Тергөө абагында отурган Атамбаевге врачтардын тобу барып келишиптир. Мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаевдин аталган экспертизадан өтпөгөнгө укугу бар. Ал өз укугунан пайдаланып, экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бийликтин мындай кадамга барышы адвокаттарга билдирилген эмес. Ошондой эле, мурунку президент Атамбаевге карата соттук-психиатриялык экспертизанын дайындалышын саясий оюндардын дагы бир көрүнүшү катары баалайбыз. Бул иштер атайын коомдук пикир жаратуу үчүн жасалгандай түр көрсөтөт», [/ads-quote-center]Негизи, Жазык кодексине ылайык, оор кылмыш жасагандар соттук-психиатриялык экспертизадан өтүш керек. Бирок экспертиза боюнча маалымат элге чыкпашы керек эле. Бул көрүнүштү юрист Нурбек Токтакунов тергөөчүлөрдүн катасы катары баалады.
[ads-quote-center cite=’деди юрист.’]«Психиатриялык экспертиза — бул жөнөкөй эле стандарттык процедура. Аны экспертизадан өткөрүү туура эле. Бирок экспертиза тууралуу журналисттер билбеши керек эле. Эч кимге маалымат берилбеш керек болчу. Экспертизадан өткөрүү, анын жыйынтыгы — баары дарыгердин профессионалдык этикасына ылайык, сыр болуп эсептелет. Ошондуктан маалымат чыкпашы керек эле. Бул тергөөчүлөрдүн катасы», [/ads-quote-center]КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев мурунку президенттин соттук-психиатриялык экспертизага чакырылганын уят көрүнүш деп эсептейт.
[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Менин көз карашымда, мамлекеттин, өлкөнүн башчысы болуп турган адамга психиатриялык экспертиза жүргүзгөндүн өзү эле уят көрүнүш. Бул бүткүл элди шылдыңдагандык. Биздин өлкөбүздүн аброюна чоң шек келтирип, терс таасирин тийгизет. «Миллиондогон кыргыз эли өзүнүн ичинен дени соо эмес, оорулуу адмды өзүнө башчы кылып шайлап алыптыр» деген сөз тарашы ыктымал. Экспертиза дайындоонун өзү ошондой түшүнүк берип жатат», [/ads-quote-center]Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун да Атамбаевдин психиатриялык экспертизадан өтүшүн туура эмес чечим деп эсептейт. Бул мыйзамда каралган күндө да, моралдык жагын эске алуу керек болчу, дейт акыйкатчы.
[ads-quote-center cite=»]«Мен Атамбаевди сындап жүргөн адаммын. Бирок ошого карабастан, бул чечимди туура эмес деп эсептейм. Анткени жаманбы-жакшыбы Атамбаев мамлекеттин башчысы болгон. Туура, оор кылмышка шектүүлөрдү текшерсе болору мыйзамда каралган. Бирок Атамбаевдин өзүн текшергени саясатка айланган иш болуп калат. Азыркы саясий кырдаал мындай кадамды туура кабыл албайт».[/ads-quote-center]Ал арада ИИМдин ветерандары президент Сооронбай Жээнбековко кайрылуу жасашты. Алар өз кайрылуусунда Алмазбек Атамбаевке карата туура эмес мамиле болуп жатканын жана өлкөнүн өнүгүүсүндө мурунку президенттин салымы бар экенин белгилешкен. Муну менен катар алар УКМКнын жетекчисине жана ИИМне кылмыш ишин козгоо керектигин айтышкан.