Акыркы жуурканын кызына жапкан ата сууктан тоңуп өлдү

Автор -
376

Тайланддын түндүк−чыгышындагы Бынгкан провинциясынын тургуну өз үйүндө тоңуп өлдү. Бул тууралуу AsiaOne жазды.

38 жаштагы Прасарн Хомтхонг (Prasarn Homthong) эшик-терезеси жок, курулуп бүтө элек имаратта жашачу. Бир күнү үйдөгү температура — 9 градуска түшүп кеткенде, ал 8 жашар кызына өзүндө болгон 3 жуурканды тең берген.

Түн ортосунда ойгонуп кеткен кыз атасына жууркандын бирин жапкан, бирок кеч болуп калган эле. Дарыгерлер анын сууктан тоңуп каза тапканын билдиришти.