Бүгүн, 11-декабрда Орусиянын Владивосток шаарында калың жааган кардан улам массалык авария катталды. Приморье аймагынын полициясынын маалыматына караганда, 48 унаа сүзүшкөн, деп билдиришет орусиялык ЖМКлар.
Cаламаттыкты сактоо департаменти 12 адам жабыркаганын маалымдады, алардын экөө ооруканага жаткырылган.
Шаарда таң аткандан бери кар жаап, жолдор тайгак болгону айтылат.
https://youtu.be/Uh_Qu6VThvc