Кыргызстанга 68 баш бодо малды, 38 жылкыны жана башка товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Алсак, «Ак-Тилек авто жолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 68 баш ири мүйүздүү мал, ошондой эле 38 жылкыны уруксат берүүчү документтери жок алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган.
Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунда 3 тонна гречка, 8,2 млн сом суммада 1,2 миң даана аккумулятор алып келе жаткан унаалар кармалган. Айдоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.
Ошондой эле, Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган 107 миң 570 даана преформ алып өтүү аракети болгон.
«Чоң-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунан да ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү фактылары аныкталган. Анда коштоочу документтери жок 1 млн сомго 7,5 тонна жарык берүүчү секи, 44,9 тонна цемент алып өтүү аракетине бөгөт коюлган.
«Ак Жол» постунан коштоочу документтери жок 15 кап ун жана 3 миң 250 даана пластмасса таңгактар менен унаалар кармалган.
Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.