«Кумтөрдүн» кызматкерлерин табууга чет өлкөдөн кошумча күч тартуу сунушталды

Автор -

Депутат Руслан Чойбеков «Кумтөр» алтын кенинде жоголгон эки кызматкерди табууга кошумча күчтөрдү тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты. Эл өкүлү өз сөзүндө  алтын кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары создугуп кеткенин, ага кошумча күчтөрдү тартуу зарылдыгын белгиледи.

«11 күндөн бери «Кумтөр» алтын кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары жүрүүдө. Эмнегедир издөө иштери созулуп кетти. Ооба, жоголгон адамдарды издөө жумуштары өтө татаал жана катаал шартта жүргүзүлүп жатат. Менимче, Казакстан, Кытайдан, Орусия сындуу өлкөлөрдөн да кошмча күчтөр тартылса жакшы болмок», — деди депутат Руслан Чойбеков.

Эскерте кетсек, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана мастер жоголгон. Аларды жер көчкү басып калышы мүмкүн экени айтылган.

 

Бөлүшүү