Шашылыш билдирүү! Алдыдагы күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Автор -
327

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Анда 13-декабрдан 15-декабрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлө турганы айтылат.

13-декабрда Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда жана 15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. 15-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Тоолуу унаа жол менен жол жүрүүгө камданып жаткан айдоочулардын эсине:
— КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматын эске алыңыз;
— тоолуу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыз;
— унааларды кышкы даярдыкка өткөрүңүз ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыруу ж.б.у.с.);
— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алууну унутпаңыз.

«Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет», -дешет министрликтен.

Бөлүшүү