Жаңы жылды утурлай, Орусиянын Калининград облусунда күлкүлүү окуя болуп өттү. Нөөмөттө отурган эки полиция кызматкери кесиптештерин тамашага салууну чечишип, аларга аймактык ИИМ башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын атынан телеграмма жөнөтүшкөн.
Анда: «Нөөмөт бөлүмдөрүнүн жетекчилерине отурган жерлерин кагаздан кесилген кар бүртүкчөлөрү менен кооздоп чыгуу буйрулган». Ал тургай жасалганын өлчөмү да көрсөтүлгөн − бир А4 барагынан эки жасалга чыгаруу. Мындай бүртүкчөдөн кеминде онду жасоо тапшырылган.
«Жаңы жыл алдындагы тамашаны ойлоп тапкандарды бат эле аныктадык. Белгилей кетчү нерсе, бул тамаша жаман ою жок жасалган, бирок кызмат учурунда албетте, андайга орун жок. Фейктин авторлорун жазалаган жокпуз. Болгону тарбиялоочу маектен өтүштү», — деп билдиришти журналисттерге Калининград облустук милициясынан.
Жетекчилик тамашакөй кызматкерлерин оригиналдуу жол менен жазалады: алардын өздөрүн «бүт ИИМ үчүн» кар бүртүкчө кесүүгө мажбур кылышты.