Айсулуу Тыныбекова менен Дарья Маслова Айтматов сыйлыгына ээ болушту

Автор -

12-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы лауреттарга тапшырылды. Сыйлыкты өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды.

Жаштар сыйлыгы спорт жаатында Айсулуу Тыныбекова менен Дарья Масловага берилди.

Тыныбекова 2019-жылы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону аталып, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо уткан. Ошондой эле жөө күлүк Дарья Маслова марафон боюнча Олимпиадага жолдомого ээ болгон.

Жалпысынын Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ар кыл тармактагы 17 адамга тапшырылды. Маалым болгондой, жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген.

Бөлүшүү