ИИМ: жасалма номурлуу унаанын сүрөтүн жарыялаган кызматкерлер иштен бошотулду

Автор -

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунун эки кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернетте 01 578 ASD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, «унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн» деген сөз тараган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүздү.

Анын жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, тактап айтканда кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары колдонуу максатында адамдардын сүрөтүн бөлөк адамдарга тараткандыгы үчүн мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү