Ишкерди 40 миң долларга алдап кеткен шылуундардын бири кармалды

Автор -

Бишкекте соода-сатык менен алектенген ишкердин 40 миң долларын алдап алууга шектелген жаран кармалды. Ал  кылмыштуу топтун мүчөсү болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

6-декабрь күнү ИИМдин Тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 22-март күнү таанышы Сталбек жана анын достору Кубан, Алмаз аттуу жарандар Дордой базарынан контейнер сатып алып беребиз деп, алдоо жолу менен жалпысынан 40 миң доллар алышканы айтылат. Азыркы күнгө чейин контейнер алынбай, же акчасын да кайтарып беришкен эмес.

Жогорудагы факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Алдамчылык» беренесинде каралган кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

9-декабрь күнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын атайын каттоосунда турган, 1979–жылы туулган К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан.

Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.