Жогорку Сотко караштуу Соттук департаменттин өкүлү опузалап пара талап кылуу жана алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
2019-жылдын 15-октябрында Башкы прокуратурага түшкөн материалдардын негизинде, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жогорку сотко караштуу Соттук департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы А.А ири өлчөмдөгү пара талап кылгандыгы катталган.
Такталгандай, А.А. Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси С.Г.аттуу адамдан райондук соттордун биринин административдук имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 млн сом өлчөмүндө пара алган.
2019-жылы 11-декабрында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө А.А. УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.