Жактоочу Замир Жоошев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

Автор -
260

Жактоочу Замир Жоошев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү Facebook cоциалдык тармагына жазып, чакыруу кагазынын сүрөтүн тиркеди.

Андагы маалыматка караганда, Жоошев бүгүн, 13-декабрда саат 17:00дө Аскер прокуратурасына барышы керек. Юрист билдирме талапка ылайык толтурулбаганын билдирди.

«Чакыруу кагазын бүгүн саат 15:00дө алдым. Андагы кемчиликтер:

1. Менин кайсы макамда чакырылганым көрсөтүлбөптүр; 
2. Кайсы тергөөчүгө бара турганым көрсөтүлбөптүр;
3. Менин жактоочу менен келүүгө укугум бар экени айтылбаптыр;
4. Барбай койсом, кесепети кандай болоору көрсөтүлбөптүр;
5. Барбай калсам, анын себептерин түшүндүрүүгө тергөөчүнүн телефон номери, же электрондук дареги көрсөтүлбөптүр;
6. Кайсы маселе боюнча чакырып жатышканы так айтылбаптыр.

Акыркы суроого жооп абдан маанилүү. Анткени, жактоочу өзү коргоп жаткан адамга тиешелүү маселе боюнча суракка алынбоосу тийиш. Чакыруу кагазын  толтуруудагы алешемдиктерге жана мурда пландалып коюлган иштериме байланыштуу мен, албетте, суракка барбайм», -деди жактоочу.

 

 

Бөлүшүү