Экс-депутат Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакта калды

Автор -

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 9-февралына чейин №1 Тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 14-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту  чыгарды.

Жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, алар соттун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияларга арызданышат.

«Жээнбеков оор жана өзгөчө оор 3 берене менен шектелип жатат — спецназ жоокерлерин барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти басып алуу. Бул айыптар ага күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде коюлганы айтылды. Бирок мен ал көрсөтмөлөр менен таанышып чыктым, ал жерде Равшан Жээнбеков кандайдыр-бир кылмыш кылганы тууралуу сөздөр жок», — деди ал.

Эске сала кетсек, ИИМдин Тергөө кызматы 12-декабрда Равшан Жээнбековду «Барымтага алуу» жана «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренесине айыптап, 48 саатка камакка алган болчу. Экс-депутат буга чейин 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Ташта болгону үчүн бир нече жолу суракка чакырылган.

Бөлүшүү