2020-жылдагы дем алыш күндөр жарыяланды

Автор -
344

Кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышат. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

  • 24-февралдагы дем алыш күн (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат)  2-январдагы иш күнүнө,
  • 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө,
  • 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө,
  • 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которулат.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

  • 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат)  2-январдагы  иш күнүнө,
  • 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө,
  • 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө,
  • 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Ошентип, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат.

 

Бөлүшүү