Камкор жана эр жүрөк! Апасы экөө жол кырсыгына кабылган баланын реакциясы (видео)

Автор -
620

Кытайда жол кырсыгына кабылган кичинекей баланын апасына болгон камкордугу жана айдоочуга көрсөткөн айбаты соцтармак колдонуучуларын таң калтырды.

4-декабрь күнү Чунцине шаарында болгон окуя көзөмөл камерасына түшүп калган. Аны South China Morning Post гезити өзүнүн YouTube-каналына жарыялады.

Тасмада жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бараткан эне-баланы Nissan X-Trail үлгүсүндөгү автоунаа сузүп алганын көрүүгө болот. Экөө тең соккудан жыгылып түштү. Бирок биринчи тура калган бала апасын тургузганга аракет кылып, ал арада чуркап барып, унаанын дөңгөлөгүн тээп алды.

Апасынын абалына ызаланган баланын айдоочуга ый аралаш айбат көрсөтүп, сөөмөй кезегенин көрүүгө болот.

Айдоочу күнөөсүн мойнуна алып, ооруканага кеткен чыгымдардын баарын өзү толтуруп бермей болду.

 

Бөлүшүү