Бишкекте жаш кыз 8-кабаттын терезесинен кулап каза тапты

Автор -
356

Бишкекте 20 жаштагы кыз 8-кабаттын терезесинен кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-декабрда болжол менен саат 5:30 чамасында «102» кызматына Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 20-25 жаштагы кыз кулап түшкөнү жөнүндө кабарланган.

«Жерине барган Бишкектин Ленин райондук ИИБ ыкчам-тергөө тобу терезеден кулап кеткен 20 жаштагы Р.Н. аттуу кызды көрүшкөн. «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери эс-учун жоготуп койгон жабырлануучуну №4 шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Дарыгерлердин аракетине карабай, кыз алган жаракаттарынан улам эсине келбестен, каза тапты», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.