Кыргызстан — Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Автор -

Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. Ал эми төртүнчү топту Гүлжигит Алыкулов, бешинчи топту Валерий Кичин киргизди. Алтынчы топту кайрадан Алимардон Шүкүров, жетинчисин Эдгард Бернхардт тепти.

10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешип жатат.

Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталды.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген.

Бөлүшүү