Токмокто күйүүчү май саткан контейнер күйүп кетти

Автор -

Токмоктогу автобекеттин жанында жайгашкан күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу билдирүү кечээ, 15-декабрда саат 20:55те келип түшүп, саат 22:02де толугу менен өчүрүлгөн. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган. 500 литр күйүүчү май (бензин) жана 3 даана дөңгөлөк күйгөнү айтылат. Жабыркагандар жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү