Батукаевдин бошотулушу. Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу отурум жылдырылды

Автор -

Бишкектин Биринчи Май райсотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум болбой калды. Бул туурасында 24.kg жазды.

Соттук отурум башталганга чейин жактоочусу Нина Зотова анын коргоосундагы Абдухалим Райымжанов ооруканага жатып калганын билдирди. Юрист жараянды башка күнгө которууну суранды.

Ошондой эле, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин дагы ооруп калганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, буга чейин экс-президенттин жактоочулары ал сотко келүүгө даяр экенин билдиришкен.

Кийинки сот отуруму 19-декабрга белгиленди.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында өлкөдөн чыгып кеткен. Анда дарыгерлер ага «курч миелобласттуу лейкоз» (М2-вариант) деген диагноз коюп, Нарында абакта жаткан жеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, ошол эле күнү Россияга учкан.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ диагнозду жокко чыгарып, фактылар  жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча ал убакта жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтык берген эмес.

2019-жылдын январында Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жанданган. Октябрь айында иш сотко өткөрүлгөн.

Бул иште айыпталуучу катары 19 адам өтүп жатат. Алар Батукаевге диагноз коюп берген дарыгерлер жана лаборанттар, ЖАМК өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар.