Кыргызстандык спортсмендер Бириккен Араб Эмираттарындагы бий боюнча эл аралык турнирде алтын медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясынын жетекчиси Сергей Титунин журналисттерге билдирди.
15-декабрда Дубайда спорттук бал бийи боюнча жыл сайын өтүүчү WDSF International Open taken place in Dubai — 2019 эл аралык таймашы болгон. Ага Италия, Германия, Испания, Франция, Китай, Болгария, Россия, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу он сегиз мамлекеттен 43 жуп келген.
Кыргыз Республикасынын Бий спорту федерациясынын бийчилери бул беттеште мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн.
«Чоңдор, латина (ачык класс)» категориясында Артем Семеренко менен Валерия Качалко биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль жеңип алышкан. Артем Семеренко менен Валерия Качалко дүйнөлүк рейтингде 2 200 жуптун ичинен 21-орунда турушат.