Австралиянын Мельбурн шаарында жубайлар кокустан нике шакегин таштандыга ыргытып алышып, 30 тонна таштандынын арасынан издетишти. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.
Аты-жөнүн ачыкка чыгарууну каалабаган түгөйлөр үйүндө ремонт жасап жатып, ишемби күнү, 14-декабрда кокустан нике шакегин таштандыга салып жиберишкен. Алар эмне болгонун түшүнгүчө, таштандыны жүктөп кетишкен.
Эмне кылаарын билбеген жубайлар ошол эле күнү кечинде таштандыларды кайра жүктөөчү станцияга келишет, бирок ал жабылып калган болот. Таңкы саат төрттө кайтып келген түгөйлөр ал жердеги жумушчуларга жалдырап, баалуу жасалгаларын таап берүүнү суранышат. Бул убакта алардын районунан келген таштандылар унаага жүктөлүп, андан ары алынып кетүүгө даяр болуп калган экен. Жумушчулар анын баарын кайра түшүрүп, 30 тонна таштандыны аңтарып чыгышат.
Араң дегенде табылган шакектер ээлерине кайтарылып берилди. Жергиликтүү кеңештин өкүлү таштандыларды кайра жүктөөчү станциядагылар кокустан ыргытылып кеткен буюмдарды издөө менен алектенбей турганын, бирок бул окуяда жоголгон шакектин ээлери үчүн баалуулугун эске алуу менен издеп беришкенин белгиледи.