Ош шаардык ооруканасынан из жашырып кеткен Калдыбаев Алмаз Адыловичке издөө жарыяланат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан жаран кечээ, 17-декабрь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнөн изин жашырып кеткен.
«Изделип жаткан жаран Жазык кодексинин «Каракчылык» беренеси менен шектүү катары кармалган. Ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда болгон. Кандай шартта качып кеткендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзө баштады. Ош шаарынын аймагында качкан шектүүнү кармоого багытталган «Сирена» операциясы киргизилди. Кылмышка шектүү Калдыбаев Алмаз Адылович, 1989-жылы туулган. Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 41-жатаканада убактылуу жашаган. Баш сөөгүнөн операция болгон. Башы таңылуу», — деп билдирет басма сөз кызматынан.
Кимде-ким бул жаран тууралуу маалымат билген болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 102, 03222-4-82-82.