Кыргыз-тажик чек арасында кайра жаңжал. Башкы штаб жетекчиси Баткенге учуп кетти

Автор -

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылы аркылуу өткөн чек аранын шарттуу сызыгына жакын жердеги жолдон белгисиз тажик жарандары кыргыз жаранын сабап кетишкен. Жабырлануучу облустук ооруканага жеткирилип, жардам көрсөтүлгөн.

Бүгүн, 18-декабрда эртең мененки саат 9:30да Көк-Таш айылында кыргыз, тажик жарандары сөздөн-сөз чыгып, уруша кетишкен. Кыргызстан тараптан сексенге жакын адам, Тажикстандан жүздөй  адам топтолуп, бири-бирине таш ыргытып башташкан.

Жанжалды басуу үчүн жерине чек ара кызматынан өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана эки өлкөнүн күч түзүм кызматкерлери келди. Жарандар таш ыргытышуусун токтотту.

Алдын-ала алынган маалыматка караганда, бул жаңжалда жабыркагандар жок. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жана тартип сактоо кызматынын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүшүүдө.

Башкы штабдын жетекчиси — КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев менен Тажикстан Башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Хикматулло Пираковдун телефондук сүйлөшүүсү жүрдү.

Кырдаалды турукташтыруу үчүн полковник Абдикарим Алимбаев Баткенге учуп кетти.

Бөлүшүү