УКМКда жоголгону айтылган 200 миң долларды Аскер прокуратурасы иликтейт

Автор -
203

200 миң доллар пара менен кармалып, 5 жылга кесилип кеткен прокурор Уланбек Чалбаевдин жактоочусу Март Абдрахманов далил катары алынган акчанын кайда экенин териштирүү үчүн Аскер прокуратурасына арыз жазды, деп билдирет «Азаттык».

Жактоочунун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, арыз 6-декабрда берилип, 12-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Райондук сотто 200 миң АКШ долларды көрсөткүлө деп сотко өтүнүч бергенибиз менен аны көрсөтпөй коюшту. Тергөөчү акчаны сотко алып келбегенден кийин ал жоголуп кетиши мүмкүн да. Ошондуктан биз Аскер прокуратурасына арыз жазып, текшерүү иштери башталды. Чалбаевге «200 миң АКШ долларын алган» деп айып коюп жаткандан кийин сотто аны көрсөтүш керек эле да. Далил зат жок болсо анан кантип соттойт?», — деди Абдрахманов.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 2018-жылдын 16-апрелинде 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМК тараткан маалыматта, ал башында 500 миң доллар сураганы айтылган. Бул акча менен Чалбаев парламенттин мурунку депутаты Карганбек Самаковдун жаза мөөнөтүн жумшартып бермек деген божомолдор бар.

Чалбаевге 313-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) менен айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда беш жылга кескен.

Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев анын уулунун иш бөлмөсүнөн далил зат катары табылган 200 миң доллар жоголуп кеткенин айтып чыккан. УКМК болсо бул маалыматты четке кагып келет.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Акча мамлекетке өткөзүлүп берилет. Каражат тергөөчүдө. Далилдер көрсөтүлмөйүнчө, соттун чечими чыкпайт», — деп билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү