Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Депутат жаракат алганы айтылууда

Автор -

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жергиликтүү кеңештин депутаты жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы Аман Абдилаким уулу — Самаркандек айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты. Ал сол колунан жарадар болду.

Эске салсак, окуя бүгүн саат 9:30 чамасында Көк-Таш айылында башталган. Жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан. Бир аз тыным алгандан кийин жаңжал кайра уланды.

Ички аскер кызматынын бир жоокерине жана дагы бир кишиге ок жаңылганы айтылууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду.