Премьер-министр иш сапары менен түштүккө кетти

Автор -

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен кетти. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы эки күндүн ичинде бир катар социалдык мекемелердин ачылыш аземине катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышат. 

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы өтө маанилүү маселелерди талкуулашы күтүлүүдө.