Сыргак Кенжебаев алдамчылык жолу менен кытай инвесторунун 350 миң долларына ээлик кылып алууга шектелүүдө. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, аларга кытайлык М.М. аттуу жаран кайрылып, Сыргак Кенжебаевдин үстүнөн даттанган. Чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга ири кытай компаниясынын өкүлү катары «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабына катышуу үчүн келгенин айткан. Конкурска катышууга даярдык көрүп жаткан кезде ал Сыргак Кенжебаев менен таанышып калган. Кенжебаев кытай инвесторунун ишенимине кирип, күтүүсүз чыгымдар үчүн 350 миң доллар сурап алган. Кийин кайтарып берүүдөн баш тарткан.
«Андан сырткары сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, С.К. кытайлык инвестордон кошумча 250 миң доллар талап кылганы маалым болду. 2019-жылдын 20-декабрында ал кармалып, УКМКнын Тергөө абагына киргизилди. Мыйзамда каралган мөөнөт ичинде ага кылмышка шектелип жатканы тууралуу маалымдама тапшырылып, баш коргоо чарасы аныкталат. Ал эми, экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошун УКМК кармап кетти деген билдирүүсү боюнча айтсак, УКМКда андай маалымат жок. Сурактардын биринде Ширин Айтматова Сыргак Кенжебаев менен жарандык никеде аз гана убакыт жашап, ажырашып кеткенин маалымдаган. Учурда тергөө жүрүп жатат», -дешет Коопсуздук кызматынан.
Эске сала кетсек, буга чейин экс-депутат Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев 19-декабрда Алматы шаарынын аэропортунда жоголгонун маалымдаган. Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге жардам сурап кайрылган.