Бишкекте эки маршруттук кичи автобус кагышып, алты адам жаракат алды

Автор -
@Sputnik

Бишкекте эки маршруттук кичи автобус кагышып, алты адам жаракат алды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык кечээ, 22-декабрда саат 9:40 чамасында 7-Апрель көчөсүндө болгон. Эки маршрутка тең түндүк тарапка бараткан.

Окуянын келип чыгуу себептери териштирилүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү