Дастан Шаршеев эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

Автор -

Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев эл аралык Abadan FC 9 мелдешинде жеңүүчү аталды. Аталган турнир Түркиянын Стамбул шаарында кечээ, 22-декабрда өттү, деп жазат Super.kg.

Программада 13 беттеш орун алып, 70 килограмм салмакта Дастан Шаршеев менен Беларусь өлкөсүнүн мушкери Александр Михайлин күч сынашты.

Бул мелдеш кеченин эң негизги мелдеши болуп, Дастан Шаршеев алгачкы мүнөттөрдө эле атаандашын жеңген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү