Бишкекте «Жылуулук тартуула» акциясы өтүп жатат

Автор -

«Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду «Жылуулук тартуула» акциясын өткөрүп, фонддун тизмесиндеги үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Ошондой эле Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин каттосунда турган 200 кишиге жылуу кийим-кече берилген. Бул тууралуу фонддон кабарлашты. Фонд кайрымдуулук үчүн каражат чогулткан бардык демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирет.

«Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду демөөрчү болууну каалаган жарандарды өз катарына чакырат. Демөөрчүлөр фонддун социалдык тармактардагы баракчаларына кайрылса болот.

Бөлүшүү