22 жаштагы Адилет Асанбеков былтыр белгилүү мушкер Макгрегорду туурап мамыга чыгып, соцтармак жылдызына айланган. Бирок мындай жоругу үчүн ал аз жерден жумушунан кол жууп кала жаздаган.
Жаш энергетиктин бүгүнкү «тагдыры» кандай? Өлкөдө 22-декабрда белгиленген Энергетиктер күнүнө карата Улуттук энергохолдинг компаниясынын басма сөз кызматы аны менен маек курган. Анда Асанбеков ошол тамашадан кийин өз жумушуна болгон мамилеси өзгөргөнүн айтат.