Өзгөндө чоң энесине бычак сайган жаран изделүүдө

Автор -
250

Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткен 22 жаштагы небере изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү болжол менен саат 10:33 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн шаарынын 70 жаштагы тургуну (аял киши) учтуу буюм менен денесинен жаракат алганы айтылган.

«Өзгөн РИИБинин ыкчам-тергөө тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда окуя 12-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында болгону аныкталган. 70 жаштагы М.А.аттуу аялды өзүнүн 22 жаштагы небереси эч себепсиз ашканадагы бычак менен көкүрөк тарабына бир жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жабырлануучу алган жаракатынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ага операция жасалып, хирургия бөлүмүндө дарыланууда», — деп билдирет басма сөз кызматынан.