Новосибирскиде 2 кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду. Үрөй учурган видео

Автор -

Россиянын Новосибирск шаарынан келе жаткан кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, эки адам ошол жерден каза болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Новосибирскидеги Башкы консулдугунан тастыкташты, деп жазат Sputnik.kg.

Билдирмеге караганда, кырсык 21-декабрда Ордынск районунун аймагында болгон. Анын кесепетинен 50 жана 31 жаштагы мекендештер набыт болуп, 28 жаштагы жигит башынан жаракат алган.

«Кырсыктан жабыркаган жигит жандандыруу бөлүмүндө жатып, кечээ, 23-декабрда, жалпы палатага которулду. Каза болгондордун туугандары келген, сөөгүн мекенге жөнөтүү иштери жүрүп жатат. Кырсыкка кабылгандардын баары Ош облусунун Ноокат районунун тургундары», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармакка ушул кырсыктын видеосу жарыяланды.

Анда кыргызстандыктар Daewoo Nexia автоунаасы менен Бишкекке келе жатып каршы тилкедеги Ford Transit үлгүсүндөгү минивен менен кагышканы айтылат. Мекендештердин автоунаасынын  капталы сүзүлүп, тамтыгы чыгып калганын көрүүгө болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү