Ошто куткаруучулар шахтада калган кишинин сөөгүн табышты

Автор -

Ошто шахтада калган эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 24-декабрда министрлик Ноокат районундагы Баглан айылына жакын жайгашкан шахтаны (забой) суу каптап, шахтанын ичинде 23 жаштагы К.А. аттуу эркек киши калып калганын маалымдаган.

Куткаруучулар тарабынан шахтадагы сууну сордуруп издөө иштеринин натыйжасында эркек адамдын жансыз денеси саат 21:35те табылып туугандарына өткөрүлүп берилген. Ишке 11 куткаруучу тартылган.