Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуу мөөнөтү жылдырылды

Автор -

Кыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Буга чейин аталган документ 31-декабрга чейин жарамдуу, кийин жаңысы берилет деп айтылып келген. Бирок кезек күткөндөрдүн саны өтө көп болгондуктан, мөөнөтүн 15-февралга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Убактылуу күбөлүктөрдү дайымкыга алмаштыруу боюнча арыздар «Унаа» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнө жазылат.

Бишкек шаары боюнча азыр Чокан Валиханов, 2 («Аю Гранд» гипермаркети тарап) дарегине таштаса болот. Ал эми дайын болгон документти №4 калкты тейлөө борборунан (Ауэзов  көчөсү, 1/5 «Два прораба» гипермаркети) ала аласыздар.

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү мөөнөтү аяктагыча колдоно берсе болот.