Кыргызстанда жума башынан бери доллардын наркы дагы 5 тыйынга арзандады

Автор -
Иллюстрация

Жуманын башынан бери Кыргызстанда доллардын наркы дагы 5 тыйынга арзандады. Бүгүн акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда долларды 69,65-69,7 сомдон сатып алышып, 69,8 сомдон сатышууда.

Улуттук банктын номиналдык курсу — 69,7972 сом.

Муну менен катар Орусиянын рубли акырындап көтөрүлүүдө. Бүгүн аны 1,12-1,126 сомдон сатып алышып, 1,132-1,14 сомдон сатышууда.

Номиналдык курс — 1,1309 сом.

Бөлүшүү