Президент Сооронбай Жээнбеков эки элчини кызматка бекитти

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда эки элчини кызматка бекитти. Бул тууралуу анын аппаратынан билдиришти.

Президент кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Сооронбай Жээнбековдун дагы бир Жарлыгына ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Бөлүшүү