КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева менен Саясий кеңешинин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев ИИМде сурак берүүдө. Бул туурасында партия мүчөлөрү журналисттерге билдиришти.
Бүгүн, 26-декабрда КСДП партиясынын жетекчилиги ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылганы белгилүү болгон. Алар: Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева жана Саясий кеңештин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев. Чакыруу саат 15:00гө белгиленген.
Айтылган убакытка төртөө тең келген. Бирок тергөөчү Карамушкина менен Кодуранованы башка күнү сурайбыз деп коё берген. Суракка Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири, кийин тергөө менен иштешүүгө макул болгону үчүн үй камагына чыгарылган Алга Кылычев да келгени белгилүү болду.
Алдын ала алынган маалыматка караганда, беттештирүү процесси жүрүп жатат.