Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргызстандык азыр ооруканада жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кырсыктан кийин Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги борттогу жүргүнчүлөрдүн тизмесин тактоого киришкен. Учурда элчиликтин өкүлдөрү жапа чеккен кыргызстандыктан кабар алганы ооруканага барышканы маалымдалат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7:22де Алматы−Нур-Султан каттамы менен бара жаткан учак кулап түшкөн. Учакта баш-аягы жүз адам болгон. Азыркы учурга карата, 15 адам каза таап, 66 адам ооруканада экени айтылат.