Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны он төрткө жетти, дагы 22 адам өтө оор абалда. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Жалпысынан 35 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
«Алардын арасында 8 бала бар. Балдар көп сандагы жаракаттарды алышкан, бирок эсин жоготушкан эмес», -деп билдиришти мэриядан.
Эскерте кетсек, бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7:22де Алматы−Нур-Султан каттамы менен бара жаткан учак кулап түшкөн. Учакта баш-аягы жүз адам болгон.