Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйгө туман түшөт

Автор -

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкекте жана Чүй облусунун айрым аймактарында туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта «2020-жылдын 8-январында жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында туман түшөт. Тумандын натыйжасындагы көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин жетет» деп айтылат.

Мындан улам, ӨКМ айдоочуларды жолго чыкканда сак болууга чакырат.