Солтон-Сары жетекчилиги алтын кенин уурдоого шектелип камакка алынды

Автор -
321
Солтон-Сары кенинен курамында алтын бар өнөр жай продуктусун уурдап чыгарып жүргөн канал аныкталды. Бул туурасында УКМК маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, «Солтон-Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын кызмат адамдары аталган фабрикадан алтын кендерин Нарын жана Чүй облустарынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турган.
2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун Оттук айылында «Мерседес Спринтер» авто унаасы кармалып, анда жалпы көлөмү 1500 кг турган 35 кап алтын камтыган кени табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 млн. сомду түзөт.
КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгынын материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
2019-жылдын 29-декабрында Солтон-Сары кенинин башчысы «А.М.Ж.», «Солтон- Сары» алтын кен фабрикасынын директору «О.Б.Ж.» жана адиси «К.Н.Р.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар болгон башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.