Тегеранда кырсыкка кабылган украиналык учактын бардык жүргүнчүлөрү каза тапты. Бул тууралуу ирандык телеканалдарга таянып, Reuters агенттиги жазып чыкты.
Азырынча лайнердин ичинде канча адам болгону так айтыла элек. Алгачкы маалыматтарда 180 адам деп маалымдалган менен, кырсыктан бир нече убакыт өтүп, ал сан өзгөрүүдө.
Ирандык Press TV телеканалы өлкөнүн Жарандык авиация уюмунун басма сөз катчысы Реза Жафарзадеге таянып, учакта 170 адам болгонун жазды. Ал эми, Имам Хомейни эл аралык аэропортунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Али Хашани аба кемесинде 160 жүргүнчү, 9 экипаж мүчөсү болгонун кабарлаган.