Каракол шаарында жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген. Шектүү кармалды. Бул туурасында Saat.kg порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат телефон аркылуу түшөт.
Аталган кабар боюнча милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн учурда, Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С. жарандык жолдошу Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. пикир келишпестиктен улам, бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткени анык болгон.
Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми, келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү Ч.Н. милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алынды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.