Бишкекте 9 жаштагы жээнин «акча уурдадың» деп унаага сүйрөткөн жарандын иши жабылды

Автор -
428

Бишкекте «акча уурдадың» деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жашар баланын окуясы боюнча кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти, деп жазат Super.kg.

Маалыматка ылайык, иш 26-декабрда соңуна чыккан. Айыпталуучу С.Б.га Алтын-Казык жаңы конушунда 9 жаштагы баланы урушуп, аны унаанын артына байлап, көчөдө сүйрөп, денесине жаракат келтирилген деген айып коюлган. Сот отурумунда аныкталгандай айыпталуучу С.Б. жабырлануучу Ж.К.ны жөн эле коркутуп, бирок автоунаасына колун байлап сүйрөбөгөндүгүн көрсөткөн.

«Баланын апасы уулун таякеси жакшы көрөрүн, анын эч кандай күнөөсү жоктугун айткан. Ошондой эле баласына карата эч кандай күч колдонбогондугун, тактап айтканда, унаасы менен сүйрөбөгөндүгүн билдирген. Баласынын денесиндеги жаракат ал сарайга чыгып бара жатканда тепкич сынып кетип алган жаракат экенин айткан. Ал иниси С.Б.ны кечиргенин, ал моралдык жана материалдык зыянды толуктап бергенин кошумчалаган», —деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле башка күбөлөр дагы айыпталуучу С.Б. баланы унаасына байлап сүйрөбөгөндүгүн айтышкан. Сотто айыпталуучу баланы унаасына байлап сүйрөбөгөндүгү иш материалдары менен да, сот отурумунун катышуучуларынын көрсөтмөлөрү менен да аныкталган эмес. Ошондой эле иш материалдарынын ичинде курал катары колдонулган жип далил зат болуп табылган эмес.

«Сот жогорудагыларды эске алып, соттук отурумда айыпталуучу С.Б. баланын мыйзамдуу өкүлү болгон апасы менен өз ара жарашып, ал жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүнө байланыштуу иш кыскартылган», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 2019-жылы 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калганы жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.

 

Бөлүшүү