Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Автор -

Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 10-январда саат 10:53тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү