Каракол: күйөөсү өрт койгон аялдын абалы туруктуу

Автор -

Жарандык никедеги күйөөсү өрт койгон аялдын абалы туруктуу. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынан билдиришти, деп жазат 24.kg.

«Аялдын денесинин 5-6 пайызы күйүк алган. Учурда бейтап керектүү дарылануудан өтүүдө. Аны туугандары зыярат кылып, ал-абалын сурап жатат», — деп билдиришти редакцияга.

Белгилей кетсек, журналисттерге жабырлануучу Сатина жарандык никедеги күйөөсү мындай кадамга кызганычтын айынан барганын айткан. «Мен күйүп жатканда, эл жөн гана мени карап турушту», — дейт ал.

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө шектүү делип анын жарандык никедеги жолдошу кармалганын Ысык-Көл ОИИББдан тастыкташкан.