Кой-Таш окуялары боюнча ачылган иш тергелип бүттү

Автор -

Өткөн жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча сотко чейинки өндүрүш расмий жыйынтыкталды. Эми шектүүлөр иштин материалдары менен таанышышат. Бул туурасында КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал өзүн бир катар өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектүү катары карап жатышканын билдирди:

  1. Бийликти күч менен басып алууну уюштуруу;
  2. Мамлекетти басып алуу максатында барымтага алуу жана туткундоо кылмышынын уюштуруучусу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу;
  3. Массалык башаламандыкты уюштуруу кылмышынын уюштуруучусу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу;
  4. Адамдар тобу менен алдын ала сүйлөшүп алып, курал-жаракты уурдоону уюштуруу;
  5. Тергөө органынын өкүлүнө карата ден соолукка жана өмүргө кооптуу зомбулук жасоону уюштуруу;
  6. Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу;
  7. Бийлик өкүлүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратуучу иштерди уюштуруу.[ads-quote-center cite=’дейт Жолдубаева.’]«Тергөөчүлөр бул оор кылмыштарга мени айыптоого далилдер жетиштүү экенин айтып жатышат. Бул, албетте, сандырактык! Ошол эле маалда иштин айрым материалдарын купуя кармашууда, бул өз кезегинде бийликтегилерге соттук териштирүүлөрдү жабык режимде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет», [/ads-quote-center]

Эскерте кетсек, Жолдубаева Кой-Таш окуялары боюнча ачылган ишке шектүү катары 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагына алынган.